Шашылыш эскертүү: Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

19 октября 2021 15:30 2076 Barometr
Поделиться в:
ok

21-октябрда күндүз жана 22-23-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, 22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын областтарынын аймактарында жаандын арты карга айланат.Тоолуу райондорго кар түшөт. 22-23-октябрда айрым райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

22-23 октябрда жана 24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы сезилерлик төмөндөйт.Чүй областында түнкүсүн -3…+2°,Талас областында -1…-6° градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен областарында -2…+3°, Нарын областынын дыйканчылык аймактарында -4…-9°, тоолуу райондорунда -12…-17° градуска чейин суук болот.Ысык-Көл областында түнкүсүн суук  -1…-6° градуска чейин жетет.

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-eskert-kyrgyzstanda-aba-yrajy-keskin-zgrt



Добавить комментарий