Шашылыш билдирүү: өлкө аймагында катуу жааган жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн

18 августа 2020 08:52 1524 Barometr
Поделиться в:
ok

18-август күнү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан катуу жаайт. Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда да жаан-чачын болот.

18-августта бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаалардын жүрүшүн, энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын ишин жана жайыттарда мал багууну кыйындатат. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй 21-26

Талас жергесинде 20-25

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 24-29

Ысык-Көлдө 21-26;

Тоолу Нарында 14-19 градус болот.

Бишкек шаарында нөшөрлөп жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын жогорку температурасы 24-26  болот.

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-lk-ajmagynda-katuu-zhaagan-zhaandan-ulam-sel-zhrsh-mmkn



Добавить комментарий