Шашылыш билдирүү! Эртең жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

28 июля 2022 13:37 1281 Barometr
Поделиться в:
ok

Шашылыш билдирүү. Эртең, 29-июлда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык,  29-31-июлда өлкө аймагында температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. 

"Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ысык-Көл облусунун дарыяларында, дарыялардын нугуна жанаша жайгашкан аймактардын жээктерин жана жайылма участокторун жууп, суу каптоолор болушу ыктымал", -деп айтылат маалыматта



Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-erte-zhaan-zhaap-sel-zhrsh-mmkn



Добавить комментарий