Шашылыш билдирүү! 31-январда жана 1-февралда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт

27 января 2019 15:20 7193 Barometr
Поделиться в:
ok

31-январда жана 1-февралда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

30-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. 

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-31-yanvarda-zhana-1-fevralda-mezgil-mezgili-menen-zhaan-kar-zhaashy-ktlt



Добавить комментарий