Шашылыш билдирүү: 25-26-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт
25-26-майда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Көпчүлүк аймактарда мезгил мезгили менен жамгыр жаап, чагылган болот. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо кар, айрым жерлерде мөндүр жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл областынын чыгышында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Чүй, Ысык-Көл, Нарын областынын айрым аймактарында секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин жүргүзүүгө, жайыттардагы малга терс таасирин тийгизет. Авто унаалардын иштерине, байланыш ишканаларына, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын иштерине тоскоолдуктарды жаратат.
25-26-майда нөшөрлөгөн жамгырдан улам республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-25-26-majda-turuksuz-aba-yrajy-ktlt
Добавить комментарий ×