Шашылыш билдирүү: 21-апрелге чейин жаан-чачын катуу жаайт
Эртең, 16-апрелден 21-апрелге чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу б Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
16-17-апрель күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
18-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. 19-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
16-17-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.
16-17-апрелде Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жете
20-21-апрелде туруксуз аба-ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-21-aprelge-chejin-zhaan-chachyn-katuu-zhaajt
Добавить комментарий ×