Шашылыш билдирүү! 16-декабрдан 19-декабрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт
16-декабрдан 19-декабрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мындай билдирүүнү ӨКМдан шашылыш билдиришти.
Анда айтылгандай, 2018-жылдын 17-19-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө жаан жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-16-dekabrdan-19-dekabrga-chejin-turuksuz-aba-yrajy-ktlt
Добавить комментарий ×