ИИМ: Атаханов экс-президент Атамбаев Батукаевди бошотууну тапшырганын айтты
Поделиться в:
Мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов экс-президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча көргөзмө бергенин айтты. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысынын орун басары Мырзалы Джумабаев атайын комиссиянын жыйынында билдирди.
Джумабаевдин айтымында, мындай маалыматты сурак маалында Атаханов билдиргенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, бүгүн Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча демилге көтөргөн депуттардан түзүлгөн атайын комиссиянын жыйыны өтүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/iim-atahanov-eks-prezident-atambaev-batukaevdi-boshotuunu-tapshyrganyn-ajtty
Добавить комментарий ×