Шамбесайдагы чыр. Топтошкон эл топурактан үлгү алганы келген адистерди өткөрбөй ызы-чуу салышкан

24 октября 2018 16:45 2495 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

 Укук коргоо органдарынын билдиргенине ылайык, 23-октябрда,  Майдан айылына Шамбесай кенин ачуу алдындагы иш чаралардын бири катары өкмөттүн тапшырмасы менен атайын адистер Бишкек шаарынан  келишкен. 

Жергиликтуу жашоочулардын арасындагы каршы чыккан, негизинен аялдардан турган топ жол тосуп ызы-чуу чыгарышкан. Милиция кызматкерлери өкмөттүн тапшырмасынын негизинде адистерге жол ачып берүү аракеттерин көрүшкөн.  Бул жерде өкмөт дагы, адистер дагы, милиция кызматкерлери дагы өздөрүнө тиешелүү жумуштарды жасаган.  Жергиликтүү тургундардан эч ким камакка алынган эмес. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бир аздан кийин коё беришкен. 

Эске сала кетсек, Майдан айылына жакын жердеги алтын кенин алгач Австралиялык компаниясы таап, изилдөөлөрдү жүргүзүп, кийин Кытай Эл Республикасынын «Тианди Интернэшнл» компаниясына сатат. 

«Шамбесай» долбооруна жаны инвестор болгон Кытайлык компания керектүү документтери чогултканы менен жергиликтүү эл ишти баштоого каршы чыгат.

 Компания жергиликтүү элге алтынды бөлүп алууда цианид колдонбой тургандыгын, анын ордуна жашоочуларга, жаратылышка эч кандай зыян келтирбей турган AXI реагентин колдоно тургандыгы тууралуу билдиришет. Ушул жылдын сентябрь айындагы жыйында айлана-чөйрөнүн абалы боюнча мониторинг жүргүзүү чечими чыгат. 

КР Президентинин буйругуна ылайык, аймактарды онуктуруу жылынын алкагында, кен иштетуу аркылуу жергиликтуу жашоочуларга социалдык жардам, олкого салык аркылуу киреше кире турган «Шамбесай» долбоору сунушталган.

Ошол тапшырманы аткаруу үчүн 23-октябрь күнү  КР Өкмөтүнөн тийиштүү тараптар кен казыла турган аймакка мониторинг жүргүзүү үчүн келишет. Алгач жыйналыш болуп, жыйналышта жергиликтүү элдин пикири үчкө бөлүнөт. 

Каршы чыгып келе жаткан топ, ошондой эле кен ачылсын, балдарыбызга бакча, мектептер, жолдор салынсын деген топ жана биз эки  топко дагы кошулбайбыз деген топ. Жыйналыштан кийин, сууну, топуракты, абаны, айыл тургундарынын саламаттыгын жана мал-жандыктарды текшерүү үчүн адистер кен казылчу аймакка бара жатышканда кен казууга каршы чыккан топ жолду тосот, тапшырманы аткарууга бара жаткан адистерге жол ачып берүүдө тирешүү башталат. Жыйынтыгында Бишкектен барган өкүлдөр жергиликтүү элдин катышуусу менен текшерүү иштерин жүргүзүп топурактын үлгүсүн алып кетишкен. Маалым болгондой, эми «Z-Exploler» компаниясынын жаны инвесторлору, долбоорду экинчи ирет коомдук талкууга коюшат. Коомдук талкууда жергиликтуу эл, каалоочулардын баардыгы долбоор менен таанышып, сунуш-пикирлерин айтып, өз талаптарын коюуга болот. 

Кен казуу иштери башталса Майдан айылында 300 дөн ашык жумуш орундарын түзүлөт, андан тышкары спорт аянтчаларын куруу пландалууда.

Жана ошондой эле компания ички жолдорду оңдоо иштерин жүргүзүп келет. 

Каршы чыккан тараптар болсо, алтын кен ачылса, жаратылышка зыян келээрин, аймактын эли гилас, алма, курма жемиштерин сатып, жетиштүү каржы табышаарын буга чейинки жыйналыштарда билдиришкен. Ошондуктан кен казуучу компания буга чейин каршы чыккан тараптардан жана жергиликтүү өкүлдөрдү Туркияга, Казакстанга, Кыргызстандагы кен иштетилип жаткан жайларга алып барып, кен казылган жайлардагы жашоочулар менен жолуктурушкан. Бирок, ал иш-чараларга катышкандардын айрымдары каршылыктарын улантышууда. Учурда эки тарап бир пикирге келбей турган чак.

Ссылка: https://barometr.kg/shambesajdagy-chyr-toptoshkon-el-topuraktan-lg-algany-kelgen-adisterdi-tkrbj-yzy-chuu-salyshkan



Добавить комментарий