Шайлоо учурунда санитардык нормалар катуу көзөмөлдөнөт

19 августа 2020 16:59 1193 Barometr
Поделиться в:
ok

Шайлоону коронавирус учурунда өткөрүүдө саясий партиялардын жоопкерчилиги жогору. Бул тууралуу  Премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматына таянып "Барометр" билдирет. 

Ал учурда парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын съездди өтүп жатканын белгиледи.

«Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташып калды, бирок айрым райондордо абал дагы эле курч. Бул шартта бардык тарап, анын ичинде  жагдайды мындан ары да жакшыртуу маселесинде саясий партиялар жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан эл менен жолугушууларды өткөрүү үчүн белгилүү бир талаптар иштелип чыгууда. Баарынан биринчи залда адамдар уруксат берилген санда гана болуш керек. Имараттарда санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталып, байма-бай желдетилип туруш керек», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр мекендештерге санитардык эрежелерди сактоо өтүнүчү менен кайрылды. 

«Коомчулук эпидемиологиялык абалды турукташтырууга жардам берүүсү зарыл. Өкмөт шайлоо процессинин ачык, таза жана калыс өтүшүн камсыз кылат. Биздин өлкөдө күз айларында тойлор жана мааракелер көп өткөрүлөт, бирок мекендештерди мындай иш-чараларды токтотууга жана Өкмөттүн позициясын жана бекитилген талаптарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Ден соолуктан башка баалуу эч нерсе жок, өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла!», - деди Кубатбек Боронов

Ссылка: https://barometr.kg/shajloodo-sanitardyk-normalar-katuu-kzmldnt



Добавить комментарий