Бишкек шаарынын көчөлөрүндө электробустар каттай баштайт

12 августа 2020 14:00 2415 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын көчөлөрүндө электробустар каттай баштайт. Бул тууралуу Бишкек мериясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

аардык транспортту электрлештирүү долбоору боюнча Каржы министрлиги жана Азия өнүктүрүү банкы ортосунда өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ниет жөнүндө баштапкы документке транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов, Азия өнүктүрүү банкынын миссия тобунун жетекчиси, энергетика боюнча адис Йоханнес Фогель жана КРнын Каржы министрлинин өкүлү кол койду", - деп айтылат маалыматта.

Долбоор төрт этаптан турат:

Абага зыян заттарды чыгарбаган автобус паркын модернизациялоо. Бул этапта заманбап энергияны үнөмдөөчү аккумулятордук электробустар, кубаттоочу инфраструктураны (подстанция, электромонтаждык жана курулуш иштери), автобустарды тейлөө үчүн жабдууларды сатып алуу каралган. Электробустар универсалдуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана карылар үчүн ыңгайлуу болот;

Автобус депосунун инфраструктурасын модернизациялоо. Бул компонент өзүнө жаңы электробустар үчүн бардык аба-ырайында унаа токтотуучу жайларды курууну камтыйт, жок дегенде шаардык троллейбус башкармалыгынын деполорунун биринде;

Электробустар үчүн сынамык «жашыл» коридорду түзүү. Жолдордо атайын коридорлорду уюштуруу, башка каналдар боюнча жол кыймылын бөлуштүрүү, токтотуу пунктарын модернизациялоо жана башка.

Бишкектеги автобустардын иштөө туруктуулугун жогорулатуу.

Долбоор 58,9 миллион долларына бааланат, анын ичинен Азия өнүктүрүү банкы Меморандумга ылайык 50 миллион  доллары насыя линиясы менен, 15 миллион доллардай бөлүгү гранттык негизде берилет.

Негизги чыгымдар электробустарды сатып алууга (көпчүлүк бөлүгү), курулуш иштерине жана консультациялык кызматтарга сарпталат.

Долбоордун алкагында АӨБ жалдаган консультанттар электробустарды сатып алууга конкурстук өтүнмөлөр үчүн техникалык тапшырма даярдайт.

Белгилей кетсек, бул транспорт тармагын узак мөөнөткө электрлештирүү жолундагы биринчи кадам.

Коомдук транспорт тармагын реформалоо калаа башчысы Азиз Суракматов белгилеген стратегиялык артыкчылыктардын бири.

Ссылка: https://barometr.kg/shaardyktar-chn-elektrobustar-srt



Добавить комментарий