Саунада селкилер менен эс алып жатып, кылмышкерди качырып салган тартип сакчылар 400 миң сомдон айып төлөйт

24 августа 2018 00:45 2872 Barometr
Поделиться в:
ok

Селкилер менен эс алып жатып, кылмышкерди качырып салган эки түрмө кызматкери 400 миң сомдон төлөйт. Мындай чечимди Аламүдүн районунун соту чыгарды. Мындан тышкары, алар 2 жыл белгилүү кызматтарда иштей албайт. 

Эске салсак, 2016-жылы февралда Аламүдүн милициясынын кайтаруу кызматынын эки тартип сакчысы туткун Азатбек Алымкуловду жашыруун алып чыгып, унаага отургузуп кеткен. Андан соң үчөө саунага барып, эс алып жатканда айыпталуучу терезеден качып кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/selkiler-menen-es-alyp-zhatyp-kylmyshkerdi-kachyryp-salgan-tartip-sakchylar-400-mi-somdon-ajyp-tljt



Добавить комментарий