Сауд Өнүгүү Фонду Кыргызстандын саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарбасына 30 млн. доллар бөлдү

26 февраля 2019 19:39 1009 Barometr
Поделиться в:
ok

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Сауд Арабия Падышалыгына расмий иш-сапары башталды. Бул тууралуу бүгүн министрликтин Маалымат Департементи кабарлады. Иш-сапардын биринчи күнүндө Айдарбеков Эр-Рияд шаарында Сауд Өнүгүү Фондунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары, Аткаруучу директору Халид бин Салим Аль-Худейри менен жолукту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-Сауд Арабия өлкөлөрүнүн ортосундагы насыя жана гранттык кызматташтыктын кеңейишине канааттанганын билдиришти. Мындан сырткары кыргыз тараптан Фондго берилген инфраструктуралык долбоорлор тууралуу пикир алышты.

Тактап айтканда, Аткаруучу директору Халид бин Салим Аль-Худейри Фонд тарабынан учурда жалпы суммасы 30 млн. доллар болгон Кыргызстандын саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба жана ирригациялык секторго тармактарындагы бир катар долбоорлорду бекитилгенин билдирди.

Мындан сырткары Саудия тарап 2019-жылы Кыргыз Республикасына долбоорлорду каржылоону көбөйтүүнү пландап жатат деп ишендирди.

Ссылка: https://barometr.kg/saud-ng-fondu-kyrgyzstandyn-salamattykty-saktoo-bilim-ber-ajyl-charbasyna-30-mln-dollar-bld



Добавить комментарий