Сауд Арабиясындагы “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалы кандай өтүп жатат?

13 марта 2019 09:47 1379 Barometr
Поделиться в:
ok

Бул күндөрү  Сауд Арабиясында  “Көчмөндөр ааламы - Camel Fest” деп аталган эл аралык этнофестиваль өтүүдө. Ага дүйнөнүн 77 өлкөсүнөн 725тен ашык спортчулар катышууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясынан кабарлашты.     

Фестивалдын катышуучулары спорттун мелдешүүчү 15 түрү жана көрсөтүүчү формадагы 16 түрү боюнча жарышка чыгууда. 

Кыргызстан көчмөндөр оюндарын негиздөөчү катары спорттун көрсөтүүчү-демонстрациялык түрлөрүн көрсөтүүдө. Ошондой эле атамекендик спортчулар этнофестивалга эң көп барды, тактап айтканда 350дөн ашык спортчу аталган оюнга катышууда.   

Фестиваль 9-мартта башталды жана 23-мартта аяктайт.   

 

Ссылка: https://barometr.kg/saud-arabiyasyndagy-kchmndr-aalamy-etnofestivaly-kandaj-tp-zhatat



Добавить комментарий