Сатылганова: Эч кимге зыяны жок, өтө назик, кичи пейил кызыбызды кудайым сактай көр

27 июня 2020 14:42 4200 Barometr
Поделиться в:
ok

Ажарлуу ырчы Асель Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, абалы оор бойдон калууда.

Элдин оозуна алынып калган ырчынын абалы учурда элдин көңүл чордонунда. Социалдык тармактарда Кадырбековага дем-күч тилешип, жылуу сөзүн жазгандар арбын. Алардын бир нечеси төмөндө:

“Асель, алтын кыз сакайып кетегой. Эч кимге зыяны жок, өтө назик, кичи пейил кызыбызды кудайым сайтай көр. Үй-бүлөсүнүн, ата-энесинин, бир туугандарынын бактысына бутуна туруп кетсин”, - деп жазган КРнын эл артисти Гульнур Сатылганова.

 Ал эми ырчы айымдын өкүл апасы ырчы Неля Нуркулова жүрөк үшүн алган жол кырсыгы тууралуу төмөндөгүчө жазды:

“Кагылайын калың-журт, оор сыноо башка келип, өкүл кызыбыз Асель кырсыкка кабылып, ооруканада оор абалда. Жаратуучудан алакан жайып жалбарып, ырайым тилеп, дуа кылып коюңуздарды өтүнөм. Аллах эң боорукер зат”.

Мындан тышкары ырчынын сахналаштары, күйөрмандары, дос-туугандары да Кадырбековага ден соолук тилеп, эртээрек сакайып кетүүсүн жазып жатышат.

Эскерте кетсек, кечээ, Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишкен жерде эки унаа катуу сүзүшкөну айтылган. Андан болжол менен 3 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон.

Маалыматка ылайык, учурда Кадыбекова шаардык ооруканалардын биринде жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор деп бааланууда.

“Барометрдин” жалпы жааматы да таланттуу ырчы айымдын эртээрек сакайып кетишине тилектеш.

Ссылка: https://barometr.kg/satylganova-ech-kimge-zyyany-zhok-t-nazik-kichi-pejil-kyzybyzdy-kudajym-sajtaj-kr



Добавить комментарий