Ырчы Асель Кадырбекова жол кырсыгына кабылды. Абалы өтө оор (Видео)

27 июня 2020 11:10 8827 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Асель Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, абалы өтө оор деп бааланууда.

Кечээ, Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишкен жерде эки унаа катуу сүзүшкөну айтылган. Андан болжол менен 3 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон.

Маалыматка ылайык, учурда Кадыбекова шаардык ооруканалардын биринде жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор деп бааланууда.

"Мээси чайкалып, башынан катуу жаракат алды. Дагы деле өзүнө келе элек, абалы өтө оор деп бааланууда”, - деди оорукананын директору Алмазбек Кубатбеков.

Белгилей кетсек, ырчы Асель Кадыбекова аткаруучу Нурлан Насиптин жубайы, ортодо бир кызы бар.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-asel-kadyrbekova-zhol-kyrsygyna-kabyldy-abaly-t-oor-dep-baalanuuda-kyrsyktyn-videosu



Добавить комментарий