Санкт-Петербургда курулушта иштеген кыргыз жараны каза болду
Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Москва районунда 21-декабрь күнү болжол менен саат 22:30да бийик кабаттуу имараттын сегизинчи кабатынан бетон плиткасы кулап, анын кесепетинен үч адам көз жумган. Бул тууралуу Россиянын басылмалары жазды.
Кырсыктын жыйынтыгында бетондун астында калып үч мигрант каза болгон. Алардын экөө Тажикстандын жараны, бирөө Кыргызстандын жараны болгон.
23 жаштагы тажик мигранттардын бирөө кырсык болгон жерде көз жумган, бирөө оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол жактан каза болгон. Ал эми кыргызстандык жарандын денеси эртеси күнү бетондун астынан табылган. Азырынча бул жарандын аты жөнү тууралуу маалыматтар айтыла элек.
Ссылка: https://barometr.kg/sankt-peterburgda-kurulushtaishtegen-kyrgyz-zharany-kaza-boldu
Добавить комментарий ×