Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлүү болгон айдоочу 4 миллион сомдук доо арыздан баш тартты

13 сентября 2018 19:45 2347 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

"Дүйнө сулуусу" наамынын ээси Сания Шакирова каза болгон жол кырсыкка күнөөлөнүп жаткан айдоочу төрт миллион сомдук доону төлөөдөн баш тартты. Бул тууралуу жабыркаган жактын  жактоочусу Рустам Абдурауфов билдирди. 

Күнөөлүү делген айдоочу Чыңгыз Кондурбаев ичип алып, рулга отургандыгын жана күнөөсүн мойнуна алып, кырсык болгон жерден кетип калбаганын жана аны тез жардам алып кеткенин айтып, доону төлөөдөн баш тартты. Бирок Сания Шакированын балдарын карап турууга макул экендигин билдирген. 

Эске салсак, 3-июндун түнүндө Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында айдоочу рулду башкара албай автоунаа мүрзөнү барып сүзүп, ичиндеги Сания Шакирова каза тапкан.
Айдоочунун кырсык болгон учурда мас экени аныкталып,эки айга камакка алынган. Ал эми Ички иштер министрлиги унаанын айдоочусу ИИМдин Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча мурдагы жетекчиси Азрет Кондубаевдин уулу экендигин тастыктаган. Шакированын артында үч баласы калгандыгы айтылып, айыпталуучуга жол кырсыгын жасагандыгы үчүн төрт миллион сомдук доо артылган. 

Ал эми күнөөлөнүп жаткан айдоочу жактоочунун айтымында 13 жылга эркинен ажыратылды. 






Ссылка: https://barometr.kg/saniya-shakirovanyn-lmn-knl-bolgon-ajdoochu-4-million-somduk-doo-aryzdan-bash-tartty



Добавить комментарий