Кыргызстандык айым эл аралык сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду

28 май 2018 23:15 2631 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык 30 жаштагы Сания Шакирова Вьетнамда өткөн “Miss Universe Beauty” эл аралык сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Инстаграм баракчасына жарыяланды.

Ага 3 килограммдык таажы кийгизилген, мындан тышкары 5 миң долларлык сертификат, “Mersedes Bens” унаасы, Венецияга эс алууга жолдомо тапшырылган.

Шакирова буга чейин “Миссис Кыргызстан 2018” сынагынын жеңүүчүсү болуп табылган.

Эскерте кетсек, Шакирова үч баланын энеси,13 жана 10 жаштагы кыздары, 8 жаштагы уулу бар.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-ajym-el-aralyk-sulular-synagynyn-zhechs-boldu



Добавить комментарий