Самат Курманкулов жалпы палатага которулду

4 сентябрь 2019 16:27 7025 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

7-августта Кой-Таштагы окуяда жабыркаган Чүй ОИИБнин башчысы Самат Курманкулов эсине келди. Ал бүгүн, 4-сентябрда жалпы палатага которулганын күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Курманкулов сүйлөй элек. Бирок бардык кыймыл-аракет, жаңсоолорго реакция кылып жатат.

Ушул тапта Курманкулов Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо дарыланып жатат. Бейтапка бардык керектүү изилдөөлөр жана тиешелүү дарылоо жүргүзүлүүдө. Курманкуловду Москвага саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев коштоп барган.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Самат Курманкуловдун башынана таш тийген. Буга чейин Бишкекте ага эки жолу операция жасалды. Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда орусиялык дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин Самат Курманкуловду Москвага алып кетишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/samat-kurmankulov-zhalpy-palataga-kotoruldu



Добавить комментарий