Самат Курманкуловдун "Эрдик" медалын ИИМ министри өзү барып колуна тапшырды

11 ноября 2019 15:32 3777 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Самат Курманкуловго «Эрдик» медалы тапшырылды. Сыйлыкты Ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев өзү барып тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз милициясынын 05 жылдыгынын урматына президент Самат Курманкуловго коомдун коопсуздугун камсыздоодо жана кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн каармандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйлаган.

Бүгүн эле өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Самат Куманкуловдун дарылануусунда жылыш бар экени, ал өз алдынча басып, сүйлөп калганын билдирген.

Самат Курманкулов Кой-Таш айылында 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында баш мээсинен жаракат алып, кома абалына түшүп калган. Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. 12-августта Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которулган.

Ссылка: https://barometr.kg/samat-kurmankulovdun-erdik-medalyn-iim-ministri-z-baryp-koluna-tapshyrdy



Добавить комментарий