Самат Долотбаков каза тапкан Али тууралуу: Беш маал намазда, Кыргызстанды ата-мекениндей сүйчү

5 июля 2019 10:36 7767 5 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанында  2-июль күнү сабалган нигериялык жаран ооруканада эсине келбей жатып көз жумду.

Facebookтун колдонуучусу Самат Долотбаков досу Али Тижжани Абубакарга эскерүү жазды.

“Кабарды жаңы алдым. Көзүмдө жаш, көптөн бери минтип ыйлай элек элем.Али - адамзатынын эң бийик пенделеринен болгон. 5 маал намазда, ар дайым күлүмсүрөгөн, ичи ак адам эле. 2 баланын атасы, өтө интелегенттүү, ар бир адам менен тил таба турган жигит эле. Кыргызстанды ата-мекениндей сүйүп, күйчү. Дагы эле, ишене албай турам. Жакында жолугабыз деп, жолуга албай калдык. Тил мектеби боюнча мага жардам берип, консультация кылган бала эле, колунан келген жардамын аябачу. Али - биз сага татыктуу эмес элек. Кечир бизди! Иттик кылдык! Биз качанкыга чейин адамды сырткы келбетинен, өңүнөн баа беребиз? Качан ушуну токтобуз туугандар??? Качан оңолобуз?

Ошол өлтүргөн балага кайрылат элем. Эй акмак! Сендей балдардын далайына ушул жигит тил үйрөтүп, өнүгүүсүнө салым кошту! Керек болсо, сен анын бир чачындагы кылына тең эмессиң! Ылайым, жасаганыңдын үзүрүн көр!!!

Кош бол Али досум. Сага жакшы дос боло албадык”,- деп жазды Долотбаков.

Эскерте кетсек, Нигериянын жараны Абубукар Бишкектеги «Кембридж скул» (Cambridge School) тил үйрөтүүчү мектебинин директору болчу. Ал 1985-жылы Нигерияда туулган. Анын артында жубайы жана 2 кызы калды.

2-июль күнү «Айчүрөк» соода борбору тараптан аны белгисиз адам сабаган. Жаакка урулган соккудан кийин асфальтка башы менен жыгылганын күбөлөр айтып беришкен. Улуттук госпиталга оор жаракат абалында жаткырылган.

Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан 3-июль күнү Чүй облусунда 1997-жылы туулган К.Э. аттуу жигит шектүү катары кармалган.



 

Ссылка: https://barometr.kg/samat-dolotbakov-kaza-tapkan-ali-tuuraluu-besh-maal-namazda-kyrgyzstandy-ata-mekenindej-sjch



Добавить комментарий

  • Самат Доолотбаков сен кимсин баарынын атынан кайрылгыдай. Озун учун жооп бер.
  • Я хочу пожелать этому убийцу; Пусть руки и ноги отсохнуть!!! Да покорает тебя Все Вышний Аллах!!! Тебе даже ад мало будет!!! Такой молодой но очень жаль что ты без жалостьный тварь!!! Не в этой и не в той жизни покой не будет тебе!!! Потому что ты покушался на жизнь раба которое Аллах любил!!!
  • Самат брат только нужен сабр делать!!! Поделюсь семьи его горе и плач души!!! Да приметь его Аллах рай!
  • Айла жок,суйлоп суйлоп кала беребиз.