Самара Каримованы күйөөсү жаңы жыл менен куттуктаган видео талкууга түштү

26 декабря 2018 18:10 18078 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ырчы Самара Каримова көпчүлүк учурда күйөөсү өзүнөн бир топ жаш улуу экендигинин айынан талкууда болуп келет. Күйөөсү тууралуу жакшы сөз айтса да, кичине эле үй-бүлө тууралуу пост жазса да эл жабыла сынга алат. Бул жолу интернетке Каримованын күйөөсү Асан Мансуровдун жубайын жаңы жылы менен куттуктаган кыска видеосу тарады.

Интернет колдонуучулары "Байлыгына кызыгып турмуш курду", "Самарага бул татыктуу эмес", "Картайганда уят" деген өңдүү пикирлерин жазып калтырышууда. Бирок албетте жакшы пикир, каалоо-тилектерин жазгандар да жок эмес.

Эске салсак, Асан Мансуров менен Самара Каримова 2011-жылы баш кошушкан. Алардын ортосундагы жаш айырмачылыгы 23 жаш. Азыркы учурда 3 баланы тарбиялап жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimovany-kjs-zhay-zhyl-menen-kuttuktagan-video-talkuuga-tsht



Добавить комментарий