Самара Каримова шайлоого кайсы партия менен барарын айтты

3 марта 2020 15:10 2626 Barometr
Поделиться в:
ok

Эстарда ырчысы Самара Каримова “Биримдик” партиясы менен Ош шаардык кеңешине шайлоого аттанды. Бул тууралуу ырчы Instagram баракчасына жазды.

Андан сырткары "Биримдик" саясий партиясынын биринчи конференциясы Ош шаарында болуп өткөнүн билдирди.
“29-февраль күнү Ош шаарында «Биримдик» саясий партиясынын жергиликтүү уюмунун регионалдык биринчи конференциясы өттү. Бул иш чарага «Биримдик» саясий партиясынын лидери Аманкулов Марат Аскерович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, партиянын мүчөлөрү жана делегаттары, ошондой эле жергиликтүү кенешке талапкерлер, Ош шаарыбыздын активисттери катышышты. Конференцияда 2020-жылдын 12-апрелинде боло турган Ош шаардык кенешинин шайлоосуна партиянын катышуусу бир добуштан колдоого алынып, талапкерлердин тизмеси бекитилди”, — деди ал.

Буга чейин беш шаардык кеңешке болчу шайлоого катышууга 22 саясий партия арыз бергени маалым болгон

Эске салсак, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелде өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimova-shajloogo-birimdik-partiyasy-menen-attandy



Добавить комментарий