Шаардык кеңештерге болчу шайлоого катышуу үчүн 22 партия арыз берди
Кыргызстандын алты шаарында боло турчу жергиликтүү шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия Боршайкомго арыз берди. Бул тууралуу БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, 2-мартта түнкү саат 12:00дө шайлоого катыша турчу партиялардын арыздарды кабыл алуу аяктаган.
Арыз берген 22 партиянын төртөө баш шаарда боло турчу шайлоого катышарын билдирген. Атап айтканда алар: “Мекеним Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Биримдик” жана “Кыргызстан”.
Андан сырткары төрт партия үч шаардагы шайлоого катышуу ниетин билдирсе, эки партия эки шаардагы шайлоолорго катыша турганын маалымдаган.
Шайлоого катышам деп арыз берген саясий партиялардын тизмеси:
1. "Мекеним Кыргызстан"
2. "Өнүгүү-Прогресс"
3. "Биримдик"
4. "Кыргызстан"
5. "Улуу-Журт"
6. КЛДП
7. "Эмгек"
8. "Замандаш"
9. "Бирик"
10. "Ата Мекен"
11. "Табылга"
12. "Мекен Ынтымагы"
13. "Бир-Бол"
14. "Эл мурас"
15. "Эл биримдиги"
16. "Афганистандагы согуштун ардагерлери жана башка аскерий аракеттердин катышуучулары" саясий партиясы
17. "Ак шумкар"
18. "Улуу Кыргызстан"
19. "Республика"
20. Кыргызстандын Жашылдар партиясы
21. "Ата-Журт"
22. "Социал-демократтар"
Белгилей кетсек, 12-апрелде Кыргызстан боюнча 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Алардын ичинен - 25 айылдык кеңеш жана 5 шаар: Ош, Каракол, Балыкчи, Токмок, Майлуу-Суу.
Ссылка: https://barometr.kg/shaardyk-keeshterge-bolchu-shajloogo-katyshuu-chn-22-partiya-aryz-berdi
Добавить комментарий ×