Салыктарды 2-сентябрга чейин төлөбөгөндөргө 2000 сом өлчөмүндөгү айып салынат

14 августа 2018 21:25 1757 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Салыктарды өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынып, туум эсептелмекчи. Бул туурасында салык кызматынан билдиришти. Андыктан аталган кызмат жарандарды унаа, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин төлөөгө чакырат.

Эскерте кетсек, унаа салыгын ушул жылдын 1-сентябрына чейин, турак-жай, батир жана жер салыктарын – 2-сентябрына чейин төлөө зарыл.

Салык кызматы көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин унаа салыгын төлөбөн салыкчыларды табуу боюнча рейд жүргүзүлүп, кыймылсыз мүлк боюнча үй жана батирлердин ар бирин кыдыраарын эскертет.


Ссылка: https://barometr.kg/salyktardy-2-sentyabrga-chejin-tlbgndrg-2000-som-lchmndg-ajyp-salynat



Добавить комментарий