


Салык кызматы кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча алдыңкы 5 мекеменин катарына кирди
Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдонуу боюнча алдыңкы беш органдын катарына кирип, мамлекеттик кызматтардын ичинен биринчи орунду ээледи.
Бүгүн, 23-сентябрда, Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланды.
Анын айтымында, Салык кызматында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамы толук кандуу ишке ашырылууда.
«Биз мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү ишибиздеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары карайбыз. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жогору баалоосу Салык кызматы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө системалуу мамиленин үлгүсү экендигин тастыктайт», – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.
Мамлекеттик салык кызматы акыркы жылдары мамлекеттик тилди колдонуу боюнча чараларды ырааттуу ишке ашырып келүүдө.
2018-жылы салык терминдеринин биринчи орусча-кыргызча / кыргызча-орусча сөздүгү жарык көрүп, 2024-жылы экинчи, толукталып басылышы чыгарылган.
Салык төлөөчүлөр үчүн бардык билдирүүлөр жана маалыматтык материалдар эки тилде – мамлекеттик жана расмий тилде жарыяланат, бул жарандар үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.
Учурда маалыматтык тутумдарды кыргыз тилине которуу иштери активдүү жүрүүдө. Тутумдарды жаңылоо этап-этабы менен жүргүзүлүүдө, бул салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу болгон тилде – кыргыз же орус тилинде санариптик кызматтарды алууга мүмкүндүк берет.
Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmaty-mamlekettik-tildi-nktr-boyuncha-aldyky-5-mekemenin-kataryna-kirdi
Добавить комментарий ×