Мэрия: “Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты мекеме жана мыкты адис” сынагы өткөрүлүүдө

11 сентября 2020 13:04 558 Barometr
Поделиться в:
ok

Мэрия китепканаларда, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында эмгектенген мамлекеттик тил боюнча адистердин арасында сынак жарыялайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматта, мэриянын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү китепканалардын, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана аларда эмгектенген мамлекеттик тил боюнча адистердин арасында 2020-жылдын 2-сентябрынан 10-сентябрына чейин “Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты мекеме” жана “Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты адис” шаардык сынактарын өткөрө турганы айтылды.

“Шаардык сынактар мамлекеттик тилди үйрөтүүдөгү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдөгү натыйжалуу иш тажрыйбаларды жайылтуу, мамлекеттик тилде мыкты иш жүргүзгөн мекеме жана адистерди моралдык-материалдык жактан колдоо максатында уюштурулду”, -деди мэриядан.           

“Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты мекеме” шаардык сынагына Свердлов районунун №21 Муниципалдык аймактык башкармалыгы, №51  мектепке чейинки билим берүү уюму, №13 С.Орозбаков атындагы шаардык китепкана жана “Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты адис” шаардык сынагына Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын № 5  Муниципалдык аймактык башкармалыгынын, Октябрь райондук № 85, Ленин райондук № 72 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана шаардык №№ 21, 22, 24 китепканалардын адистери катышты.

Сынактардын жыйынтыктары 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланышат.

Ссылка: https://barometr.kg/meriya-mamlekettik-tilde-ish-zhrgzgn-mykty-mekeme-zhana-mykty-adis-synagy-tkrld



Добавить комментарий