Сүт бездеринин жана жатын моюнчасынын рагын текшерүүчү жылып жүрмө клиника аймактарды кыдырат

29 сентября 2020 17:40 2179 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Кече, 28-сентябрда Германиядан сатып алынган мобилдик маммографтын расмий тапшыруу салтанаты болуп өттү. Аталган маммограф сүт бездеринин рагын жана жатын моюнчасынын рагын алдын ала аныктоо долбооруна ылайык демөөрчүлөрдүн колдоосу менен сатылып алынган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бишкек эл аралык аялдар клубунун (BIWC),  Түркия кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин (ТИКА), Түрк аба жолдорунун, Демир Банктын, мырза жана мырзайым Кобанбайлардын каржылык колдоосунун негизинде сатып алынган трейлер жылып жүрүүчү диагностикалык клиника болуп саналат жана анда эң эле заманбап санариптик маммограф, ошондой эле гинекологдун кабинети жайгашкан.

Аталган долбоордун максаты болуп онкологиялык оорулардын арасында оору жана өлүм көрсөткүчтөрүнүн негизги себеби болгон сүт бездеринин рагы менен жатын моюнчасынын рагына карата аялдарды текшерүү болуп саналат.

Жылып жүрүүчү диагностикалык клиника кезек-кезеги менен облустардагы калктуу конуштарды аралап, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна токтоп иш алып барат жана  айылдардагы аялдардын жогорку технологиялык диагностикага болгон мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртат.

Тапшырылаар замат диагностикалык борбор Токмок шаарына бет алат, ал жерде аялдар текшерүүдөн өтүшөт жана жылып жүрүүчү борбордун натыйжалуулулугу апробацияланат, андан соң ал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тизмесине ылайык иш алып барат.

Аталган диагностикалык клиниканын кайсыл олбуска качан барары тууралуу суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0312 21 40 15; Таалайгуль Сабырбекова 0554 53 02 40; Наргиза Бакирова 0553 25 00 27.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасындагы онкологиялык оорулардын алдыңкы сабында сүт бездеринин рагы, 2-орун жатын моюнчасынын рагы ээлейт. 2019-жылы бардыгы болуп сүт бездеринин рагына таандык 624, ошондой эле жатын моюнчасынын рагына таандык 408 жаңы учурлар катталган. Рактын бул формасында эң эле өтүшүп кеткени болуп 3 жана 4-баскычтар саналат жана алардын көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй: жатын моюнчасы боюнча – 46,3% жана сүт бездерди боюнча – 41,5%. Бул радикалдык операциялардан кийин деле каттого алынган биринчи жылы каза болуучу бейтаптардын контингенти.

“Биринчи жолу каттоого алынган бейтаптардын жарымынан көбү 1 жылга жетип-жетпей каза болушат. Бир жылдык өлүм көрсөткүчтөрүнүн жогору болуу себеби болуп бейтаптардын дарыгерге өтө кечигип кайрылуусу, ҮМБларда квалификациялуу кадрлардын жоктугу, врачтар менен бирге республика калкынын онкологиялык ооруларды этибар албай калгандыгы, ошондой эле ҮМБларда текшерүү өткөрүүчү кабинеттердин жоктугу ж.б. саналат”, -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/salamattyk-saktoo-ministrligi-st-bezderinin-zhana-zhatyn-moyunchasynyn-ragyn-teksherch-zhylyp-zhrm-klinika-satyp-aldy



Добавить комментарий