Саламаттык сактоо министри дарыгерлер менен бирге Баткенге жөнөп кетти
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткенге учуп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, министр бүгүн, 30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна учуп кеткен.
“Министр менен бирге эки жалпы хирург, нейрохирург, нейротравматолог, кан тамыр хирургу, бет-жаак хирургу, эки анестезиолог-реаниматолог жана травматолог жөнөп кетти.
Даргерлер топ Улуттук госпиталдын жана Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун адистеринен түзүлдү. Дарыгерлер Исфана шаарына барышат”, - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/salamattyk-saktoo-ministri-darygerler-menen-birge-batkenge-zhnp-ketti
Добавить комментарий ×