Саламаттык сактоо министирлигинин мурунку жетекчиси Космосбек Чолпонбаев кармалды

16 сентября 2020 09:33 1311 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Саламаттык сактоо министирлигинин мурунку жетекчиси Космосбек Чолпонбаев кызмат ишинен кыянаттык менен пайдалангандыгы жана жумушуна болгон шалаакылыгы үчүн шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) маалымат бөлүмүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын айтымында, шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шектелген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголгон. 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өзүлөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөндүгү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген", -деп айтылат билдирүүдө

Ушул жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелип,  саламаттык сактоо министрлигинин мурунку министри Космосбек Чолпонбаев кармалды.

Ссылка: https://barometr.kg/salamattyk-saktoo-ministirliginin-murunku-zhetekchisi-kosmosbek-cholponbaev-karmaldy



Добавить комментарий