Сакт-Петербургда кыргыз мигрантынын жансыз денеси табылды

24 мая 2021 10:36 1346 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

22-май күнү кечинде Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Яковлевский тилкесиндеги жатакананын терезелеринин астынан каза болгон 30 жаштагы кыргыз мигрантынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Piter.tvге шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Санкт-Петербург шаарында көчө шыпыруучу болуп иштеген 30 жаштагы Кыргызстандын жаранынын сөөгү экспертизага жөнөтүлдү. Адистер эркек кишинин жаракат алгандыгын айтышты. Бул анын кулап түшкөнүн билдирет. Учурда укук коргоо кызматкерлери мигранттын өлүмүнүн себептерин иликтөөдө”,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Piter.tv Нева шаарында 24 жаштагы таксистти жергиликтүү тургун өлтүрдү деп айыптап жатканын билдирген. Куралдуу жаңжал жол кырсыкка байланыштуу болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/sakt-peterburgda-zhatakanadan-kulap-tshkn-kch-shypyruuchunun-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий