Кум шекер балдардын эс тутумуна терс таасирин тийгизеби? Адистин жообу

5 апреля 2021 15:24 2468 Barometr
Поделиться в:
ok

Америкалык окумуштуулар кант балдардын эс тутумуна терс таасирин тийгизерин аныктады. Алар лабораториялык чычкандарга эксперимент жүргүзүп, натыйжасында, ушундай тыянакка келишкен. Бул тууралуу Science Daily сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Изилдөөдө жаныбарлар эки топко бөлүнгөн. Алардын бирине, дайыма таттуу суусундук берилип турган.

Андан кийин, аларга эс тутумга жооп берген мээнин региону - гиппокампанын функциясы бузулган деген диагноз коюлган. Буга ичегидеги Parabacteroides бактерияларынын көбөйүшү таасир эткен.

Таттуу суусундукту, кант ичпеген чычкандардын денесине сайгандан кийин, аларда дагы эс тутумунун начарлашы байкалган.

Изилдөөнүн авторлору бул жыйынтыктар адамдарга да тиешелүү деп ишенишет.

Ссылка: https://barometr.kg/kum-sheker-baldardyn-es-tutumuna-ters-taasirin-tijgizebi-adistin-zhoobu



Добавить комментарий