Садык Шер-Нияз Жапаров менен жолугушкандан кийин талапкерлигин алып салууну чечти

30 ноября 2020 11:40 4093 Barometr
Поделиться в:
ok

Президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз менен Садыр Жапаров бир үстөлдө отуруп сүйлөшүп, бир чечимге келишти. Бул тууралуу журналист Ибраим Нуракун уулунун фейсбук баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Буга чейин, Садык Шер-Нияз Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбоорго каршы чыгып, Жапаровду “президенттик диктатураны орноткусу келип жатат” деп айыптап келген.

Ал президенттик шайлоого да  парламентаризмди сактап калуу үчүн бара жатканын айткан.

Садык Шер-Нияздын айтымында бүгүн, 30-ноябрда эртең менен резиденцияда Жапаров менен стол үстүндө маек курушкан.

“Ооба бүгүн биз жөнөкөй адам катары олтуруп маек курдук. Бул жолугушуу Алманбет Шыкманбетовдун демилгеси менен болду.

Жолугушууда маданият тармагындагы талаптарымды айттым. Ал киши менин демилгелеримди чын ыкласынан колдоорун билдирди. Ал бизди ай сайын кабыл алып, арыз-дообузду угуп турууга макулдугун билдирип, сөз берди.

Ошону менен катары эле, соттук реформа тууралуу да сүйлөштүк. Көзкарандысыз сот болушу керек экендигин Жапаров да колдоорун билдирди.

Ал эми, парламентаризм боюнча келсек эки ажырым ойдо болдук. Жапаров президенттик башкарууну жактай турганын жана партиялык система менен бир окруктуу мандатка барарын бирок, аны да өзү чечпей элге саларын айтты. Биз талашып-тартышып жатып, элге салалы, эл чечсин деген пикирге келдик. Бирок, парламентаризм боюнча өз пикиримде кала береримди айттым.

Анан курултай боюнча, аксакалдар институтун киргизүү пикиримди билдирдим.

Ушул сүйлөшүүлөрдөн кийин мен өзүмдүн президенттикке талапкерлигимди алып салууну чечтим.

Кийин буюрса Жапаров менен иш алып барса болоруна көзүм жетти. Эл Садыр Жапаровду колдоп, аны лидер катары көрүп жатканда тоскоол болбоону туура көрдүм”, - деди ал.


Ссылка: https://barometr.kg/sadyk-sher-niyaz-zhaparov-menen-zholugushkandan-kijin-talapkerligin-alyp-saluunu-chechti



Добавить комментарий