Садык Шер-Нияз кээ бир журналистке нааразычылыгын билдирди
Коомдук ишмер Садык-Шер-Нияз социалдык жеке баракчасына кайсы бир журналистке нааразы болгон пикирин жазды.
“Урматтуу журналисттер! Капысынан берген суроолоруңар менин оюмча туура эмес. Мисалы мен ойлонуп бара жатканда өзүмдүн туулган күнүмдү айта албай калышым мүмкүн. Ал бирөөнүн акыл эс деңгээлинин көрсөткүчү эмес, тек гана даярданган саясатчылардын пиары да болушу мүмкүн.
Эгерде кимде ким менин акыл эсимди текшергиси келсе анда чыныгы дуэль кылалы. Ал мага каалаган 100 суроосун берсин, мен да каалаган 100 суроомду берейин, жоопторун салыштырып көрсөк болот. Каалаган багытты, ар кыл сабактан, түркүн темадан лотерея аркылуу тандашалы мен макулмун. Ошондо "абийирдүү оюн" болот. Болгону капталдан чыга калбагылачы каралдыларым.
Өткөндө бир журналист карындашым, алдыман чыга калыптыр суроолору менен. Мен дагы ага айттым. Кел мен да бир суроо берейин жооп берсен мен да сага жооп берейин деп. Төртүнчү класстын суроолоруна жооп бере албады. Уялды окшойт нары басып кетти. Түшүндү да окшойт, бул нерсе туура эмес экенин.
Эрудиттер эч качан тарыхты жасай алган эмес, дүйнөнү идеясы бар адам өзгөртөт”,- деди ал.
Садык мырза, кимге анчалык нааразы болгонун ачык айткан жок.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyk-sher-niyaz-kee-bir-zhurnalistke-naarazychylygyn-bildirdi
Добавить комментарий ×