Сабиз менен картошканын баасы арзандаганы менен өткөн жылдын деңгээлине түшкөн жок

27 июля 2021 12:00 1390 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин адистери бир жылдын ичинде картошка менен сабиздин баасы кандай өзгөрүлгөнүн талдап чыгышты. Бул тууралуу маалымат аталган агенттиктин 2021-жылдын 21-июлундагы баа жагдайы боюнча баяндамсында берилгенин “Барометр” билдирет.

“Картошканын баасы арзандап бара жатат, бирок өткөн жылдын ушул мезгилиндей болгон жок”,-деп айтылат баяндамада.

Эгерде 2020-жылдын 15-июлунда картошканын 1 килограммы 22,7 сом болсо, быйыл анын баасы 33 сомдон сатылып жатат.

Жаңы түшүмдүн чыкканына байланыштуу сабиздин баасы дагы турукташты. Былтыр 15-июлга карата сабиздин баасы 19,6 сомдон сатылган, быйыл 15-июлда анын баасы 78,1 сомдон бааланды.

Ал эми 21-июлга карата 60,9 сомго чейин арзандады.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/sabiz-menen-kartoshkanyn-baasy-arzandagany-menen-tkn-zhyldyn-degeeline-tshkn-zhok



Добавить комментарий