Сабиздин кымбаттаган себеби. Министирлик түшүндүрмө берди

16 июня 2021 13:53 2717 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда сабиздин кымбаттап кетиши сезондук гана көрүнүш. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулунун 16-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айткан маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык, быйыл сабиздин айдоо аянты былтыркыдан көбүрөөк, июлда түшүм жыйналганда баа турукташат. Сабиз кымбаттаганы ага сыртта болгон суроо-талап көбөйгөнүнө байланыштуу. 2015-жылы Кыргызстан ЕАЭБге кошулганда дыйкандар өстүргөн продукциясын жакшы жана татыктуу баада сатууга мүмкүнчүлүк ачылган. 

“2020-жылы беш ай ичинде 13 миң тонна сабиз экспорттолгон болсо, 2021-жылдын беш айында 31 миң тонна, 2,5 эсе көп сабиз экспортко жиберилди. Дыйкан-фермерлерибиз татыктуу деңгээлде пайда таба баштаганда гана биздин айыл чарба тармагыбыз өнүгөт. Бирок бир четинен шаарларда баанын өсүп кетиши маселе жаратып жатат. Быйыл ала турган түшүм жакшы болгону жатат. Июлдун башы менен түшүм жыйноо иштери башталганда сабиздин, картошканын жана азыр кымбаттап кеткен айыл чарба продукциясынын баасы ылдыйлайт деп күтүп жатабыз”,- дедии ал. 

Акыркы күндөрү сабиздин баасы кымбаттап, 20-25 сомдун тегерегинде сатылып жаткан сабиз100 сомдон сатылып баштаган. 


Ссылка: https://barometr.kg/sabizdin-kymbattagan-sebebi-ministirlik-tshndrm-berdi



Добавить комментарий