Улуу Британияда жүк ташуучу унаанын айдоочулары жетишпей, кризис келип чыкты

10 августа 2021 17:22 945 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуу Британияда тамак-аш жеткире турган жүк унааларынын айдоочуларынын тартыштыгы апта сайын күчөп бара жатат, айрым жерлерде дүкөн текчелери бош калууда. Бул тууралуу The Daily Mail булагын таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Мындан улам аскерлер ишке тартылууда, аларды дүкөндөргө жакын аймактардагы мейманканаларда жайгаштырышмакчы.

Айдоочу-аскерлер негизги тамак-аш менен дары-дармектерди, ошондой эле биринчи зарылдыктагы товарларды жеткиришет.

Бул тармактагы кризис эмдөө албагандарды жумушка кабыл албоо боюнча чектөөдөн улам жана Европада жүк унааларынын айдоочуларынын жетишсиздигинеи улам келип чыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/uluu-britaniyada-zhk-tashuuchu-unaanyn-ajdoochulary-zhetishpej-krizis-kelip-chykty



Добавить комментарий