Сооронбай Жээнбеков Москвадагы жеңиш парадына катышат

22 июня 2020 15:07 1193 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 24-июнда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чарага катышат. Бул тууралуу Президенттин маалымат бөлүмү билдирди. 

Жыл сайын 9-майда салтанаттуу белгиленген «Өлбөс полктун» жүрүшү быйыл коронавируска байланыштуу 24-июнга жылдырылган.

 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун билдиришинче, иш сапардын алкагында Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышуу пландаштырылган.

 «Белгилей кетчү нерсе, 75 жыл мурун, ушул күнү — 1945-жылдын 24-июнунда Кызыл аянтта жеңүүчүлөрдүн легендарлуу тарыхый парады болуп өткөн», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Эскерте кетсек, Москвада өтө турган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадка Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык эсеби да катышат.

Парадка жалпысынан 13 миңден ашык аскер, 234 заманбап жана аскер техникалары тартылат.


Ссылка: https://barometr.kg/s-zheenbekov-v-putindin-chakyruusu-menen-asker-paradyna-katyshat



Добавить комментарий