Жээнбеков менен Токаев коронавирусту жайылтпоо боюнча биргелешкен чараларды талкуулады

19 марта 2020 11:34 544 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 19-мартта, президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары коронавирус инфекциясын алдын алуу жана аны жайылтпоо боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери эки өлкөнүн соода-экономикалык, социалдык, каржылык жана транспорттук чөйрөлөрүндө коронавирустан улам терс кесепеттерди жеңип чыгуу боюнча көрүлүп жаткан күч-аракеттерге өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн кайтып келип жаткан Кыргызстан жарандарынын Казакстандын аймагында болушу жана транзиттик өткөрүү маселелери талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен, координацияланган чараларды улантуу зарылдыгы жөнүндө орток пикирде болушту.

19-март саат 12:00гө алынган маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус үч кишиден табылган. Ал эми Казакстанда 37 учур катталган.

Ссылка: https://barometr.kg/s-zheenbekov-kasym-zhomart-tokaev-menen-telefon-arkyluu-sjlsht



Добавить комментарий