Конституциялык кеңешме сунуштап келген жаңы Баш мыйзамга депутаттар өзгөртүү киргизе алабы?

17 февраля 2021 16:40 604 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору каралууда. Жыйында Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жаңы баш мыйзамдын үстүндө 2,5 ай иш алып барышканын айтты.

Анын айтымында, Конституциялык конференциянын сессиялары ачык өттү.

“Көп адамдар эч кандай талкуу болгон жок деп жатышат, бирок кеңешменин ар бир жыйыны талкуу менен өттү. 2021-жылдын 10-январында референдум аркылуу эл президенттик башкаруунун формасын тандап алган, бул элдин эрки жана бул жерде эч кандай талаш болбошу керек. Элдин эрки мыйзамдан жогору турат. Ошондуктан, бардык бийлик президентке берилди деп айтуу туура эмес”, - деди ал.

Ошону менен катары эле, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү үч ай аралыгында укпаган сөздүн баарын угушканын айтты. 

Ал эми, депутат Улукбек Ормонов "Конституциялык кеңешме дайындап келген Баш мыйзамга сунуш берип, өзгөртүүгө депутаттардын укугу барбы" деп сурады. 

 Бөрүбашевдин айтымында Конституциялык кеңешме өз жумушун аткарып, ишин жыйынтыктаганын айтты.

"Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып, сиздердин алдыңыздарга сунуштадык. Эми биздин өзгөртүүгө эч кандай укугубуз жок. Депутаттар өздөрү  талкууга коюуп, добуш берүүнүн негизинде сунуштарды кабыл ала алат", - деп жооп берди Бөрүбашев. 


Ссылка: https://barometr.kg/konstituciyalyk-keeshmenin-tragasy-keeshmenin-ar-bir-zhyjyny-achyk-talkuu-menen-tt



Добавить комментарий