Рязанда мотоцикл менен кыргызстандык жүк ташуучу унаа сүзүшүп, бирөө каза болду
Поделиться в:
10-июнда Рязань облусунда жолдо жүк ташуучу унаа менен мотоцикл кагышып, мотоцикл айдоочусу каза болду. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу кыргыз жараны. Бул тууралуу Рязань облустук жол кайгуул кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, 40 жаштагы Сузуки мотоциклин айдоочусу, солго бурулганда жүк ташуучу унааны сүзгөн.
Кагылышуунун натыйжасында мотоциклист ошол жерден көз жумган.
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унааны Кыргызстандын 29 жаштагы жараны башкарып бара жаткан.
Учурда жол кайгуул кызматынын кызматкерлери окуянын чоо-жайын аныкташат.
Добавить комментарий ×