"РСК Банк» «Унаа» жана ЗАГС кызматтары үчүн QR-код аркылуу төлөм жүргүзүүнү сунуштайт
Биз RSK24 мобилдик банкинг опцияларынын спектрин кеңейтип жатабыз: тиркеме аркылуу QR-кодду колдонуу менен мамлекеттик “Унаа” кызматы жана ЗАГС кызматтарына төлөөгө боло. Бүгүн, 20-июлда Бишкекте RSK24 мобилдик банкинги аркылуу QR-код аркылуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жана ЗАГСтын кызматтарына төлөөнүн бет ачары болуп өттү. Иш-чарага «РСК Банк» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Жокоев, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаева жана «МКК» ЖАКтын төлөм кызматтары жана арыздар бөлүмүнүн башчысы Муктар Саякпаев катышты.
Жаңы кызмат RSK24 мобилдик тиркемесинин колдонуучулары «Унаа» ММ автотранспорт каражатын каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн бланктары жана ЗАГС аркылуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн QR код аркылуу төлөй алышат.
Мисалы, никени түзүү/бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк жана башка көптөгөн кызматтарга ушул тиркеме аркылуу төлөм жүргүзсө болот.
Долбоорлор банк тарабынан өз ара аракеттенүү операторунун алкагында «Инфоком» МИ, "Унаа" мамлекеттик мекемеси, Калкты каттоо департаменти жана «Мамлекеттик каттоо» ЖАК менен биргеликте ишке ашырылган.
«Биз кардарларыбыз RSK24 мобилдик тиркемеси аркылуу дүмүрчөктөгү QR-кодду сканерлөө менен заматта төлөмдөрдү жүргүзө аларын кубануу менен билдиребиз», - дейт "РСК Банк" башкармасынын төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова.
– Бул функция кассадагы кезектерди азайтып, кардарлардын убактысын үнөмдөөгө жардам берет. Долбоор каржы кызматтарын санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылган.
QR кодун колдонуу менен кантип төлөм жүргүзүү керек?
•"РСК Банктан" RSK24 мобилдик тиркемесин ачыңыз.
•Жогорку оң бурчтагы QR кодтун сүрөтүн басыңыз.
•Квитанциядагы QR кодун сканерлеңиз.
•Төлөм жасаңыз.
Төлөм маалыматтары оператордун системасында автоматтык түрдө көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында банк RSK24 МБ аркылуу QR коддун жардамы менен паспортко төлөө боюнча ушундай эле кызматты ишке киргизген, ал азыр республиканын бардык калкты тейлөө борборлорунда жеткиликтүү.
Ссылка: https://barometr.kg/rsk-bank-unaa-zhana-zags-kyzmattary-chn-qr-kod-boyuncha-tlm-zhrgzn-sunushtajt
Добавить комментарий ×