"РСК Банк" салыктарды төлөөдө 30-августка чейин узартылган жана дем алышсыз режимде иштейт

28 августа 2018 18:40 1108 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

"РСК Банк" ААК  I жана  IV топтогу жеке мүлктөрдүн салыгын төлөө  убактысы бүтүп бара жаткандыгын эскертүү менен толук бир жумада банктын кассалары жана филиалдары узартылган режимде иштээрин билдирди. 27-августтан тарта 30-августка чейин салыктарды төлөө кызматы кечки 18:00 чейин, ошондой эле дем алышсыз иштейт. Кечке чейин узартылган режимде жана дем алышсыз иштеген "РСК Банк"тын филиалдарын бул жактагы тизмеден таба аласыз. 

Салык кызматындагы  төлөмдөрдү оңой жана ыңгайлуу ишке ашырууда узун кезекте турбастан, кагаз толтурбастан банктын бардык банкоматтарынан жана терминалдардан төлөм картасы аркылуу ишке ашырсаңыз болот. Учурда жерге, турак-жай кыймылсыз мүлктөргө жана унаага мамлекеттик салыкты төлөөгө бир айдан аз убакыт калды. Андыктан сиз өзүңүз үчүн да, досторуңуз жана туугандарыңыз үчүн да салык төлөмүн өзүңүзгө ыңгайлуу убакта төлөсөңүз болот. 

Төлөмдөр:

• айыл чарба максаттары үчүн жер салыгы;    
• Айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн жергиликтүү салык;     
• жер участокторун пайдалануу укугу үчүн жер салыгы;    
• ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган, кыймылсыз мүлк боюнча салык;     
• 2-топтогу бизнес үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлк салыгы;    
• 3-топтогу бизнес үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлк салыгы;     
• жеке транспорт каражаттарына салык;    
• патент үчүн салык (милдеттүү, ыктыярдуу жана кызматкер).

Төлөмдү кантип ишке ашырабыз:    
• банкоматка картаны кыстаруу жана PIN кодун терүү;    
• "Тез төлөм" тандап алуу;     
Менюдагы "Төлөм Кызматы" баскычын басуу;

• Менюдагы "Мамлекеттик төлөмдөрдү төлөө" баскычын басуу;    
• Менюдагы "Мамлекеттик салык кызматы" баскычын басуу;     
• Менюдагы  "салыктын түрү" (мисалы, "жеке транспорт каражаттарына салык"), экранда салык кызматынан билдирүү пайда болот ;    
•14 белгилүү Салык кызматынын номурун териңиз;     
•аймак, район, область, шаар (зарылчылыкка жараша);    
• Экрандагы оң жана сол жагындагы баскычтарды колдонуп, номурун жазуу (латын тилинде ишке ашат);     
• төлөм суммасын киргизүү;    
• төлөмдөрдүн бардык маалыматы экранда пайда болот, аны тактап текшерүү (көлөмү, ИНН, областы, району, мамлекеттик номери TC, аты-жөнү)     
• Комиссия - 15 сом;    
• чекти аласыз;

Муну менен төлөм ийгиликтүү ишке ашырылат. Алынган чектин көчүрмөсүн чыгарып коюу сунушталат. Суроолор боюнча мамлекеттик салык кызматына кайрылсаңыздар болот. 

РСК Банктын банкоматтарынын адрестеринин тизмесин төмөнкү  шилтеме аркылуу кирип, көрсөңүздөр болот. 

Күнү-түнү байланыш кызматы (0312/0706/0552) 911 111.


Ссылка: https://barometr.kg/rsk-bank-salyktardy-tld-30-avgustka-chejin-uzartylgan-zhana-dem-alyshsyz-rezhimde-ishtejt



Добавить комментарий