РСК Банк 22 жылдык туулган күнүн белгиледи

1 августа 2018 02:30 1556 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

1996-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Эсеп-сактык компаниясын” тизмеге киргизген. Ошол күндөн бери алгачкы карточка төлөмдөрү, алгачкы эсептик чөнтөк ачуу, алгачкы кадамдары менен банктык ишмердүүлүгүн баштап, Кыргызстандагы бирден-бир беделдүү банктардын бири “РСК Банк” ишмердүүлүгүн баштады.  

Бүгүнкү күндө РСК Банк  Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарындагы аймактарда бар. Калкты тейлөөдө элдерге кызмат кылып келе жаткан банкка 22 жыл болду.

Быйылкы 2018-жыл региондорду өнүктурүү жылы болгондугуна байланыштуу РСК Банк Кыргызстандагы жети дубандын бардык аймактарына жеткиликтүү кылып жаңы туулган балдарга жана алардын энелерине “Элкарт” төлөмдүк картасы аркылуу ар кандай белектерди тартуулашты. Ошондой эле,  төрөт учурунда энелер жана балдар үчүн кам көргөн ооруканаларга дагы бирден микро толкундуу мештерди беришти. Албетте, бул көңүл кубандырлаарлык нерсе!

Мындан сырткары борбор калаабыздагы №4 төрөт үйүндө РСКнын туулган күнүндө төрөлгөн алгачкы ымыркай Алим Курманов болду. Алимдин апасы кубанганын жашырбай, РСК Банктын туулган күнү эстен кеткис чоң белек болду деп билдирди.

Шаардык төрөткананын башчысы Бурул Алмазбекова ушундай жакшы окуялардын көп-көп болушун айтып, РСКнын кызматкерлери абдан жакшы ишти башкаларга үлгү катары көрсөтүп жаткандыгын белгиледи.

Кыргызстан- тоолуу өлкө. Андыктан кыргыз элинин көпчулүгү шаарда эмес, алыскы аймактарда жашашат. Буга РСК Банк калктын муктаждыктарын камсыз кылуу максатында алыскы райондордогу айылдарга дагы банктын филиалдарын ачып, заманбап техникалар менен камсыздап келет. Төлөмдүк карталар аркылуу калктын алыс жагында жашаган элдер эч убарасы жок эле ошол жерден акчалай нак сумманы алып алууга шарттарды түзүүдө. Маселен, Нарын облусундагы Акталаа районундагы Кош-Дөбө айылы райондун борборунан 95 км алыстыкта жайгашкан. Элдер “Элкарт”, MasterCard жана "Алай Кард" төлөм карталарынан акчасын накталай алуу үчүн убакыт коротуп, канча километр алыстыктагы райондун борборуна барышкан. РСК Банк алгачкы эле POS-терминалды Кош-Дөбө айылына ачты. Эми элдер айылдын почтасынан эле накталай сумманы ала алышат. Бул абдан жеңилдетилген иш.

Жергиликтүү элдер тарабынан жакшы ыраазычылыктар, сунуштар айтылган соң алыскы аймактагы, мисалы, Ош облусунун бир канча айылдарына POS-терминалдар орнотулуп, калктын ишин жеңилдетти.

Мындан сырткары, айыл жергесиндеги элдерге 150 миңге чейин 12%дык төлөм менен 3 жылга залогу жок насыя берүү иши башталган. «РСК Банк»тын кызматкерлери айыл жериндеги калктын турмушун жакшыртууда бир топ пландарды, долбоорлорду ишке ашырып келе жатышат.

Ош облусундагы айрым алыскы айылдарда эми мектепке, бала-бакчаларга, ар кандай үй-тиричилигине тиешелүү төлөмдөрдү терминалдан өзүн-өзү тейлөө кызматы узун кезекке турбастан менен ишке ашыра алышат. Анткени «РСК Банк» кардарларын тейлөөдө бир гана элдин муктаждыктарын жөнгө салуу эмес, алардын ыңгайлуулугун дагы эске алып, керектүү долбоорлорду ишке ашырып келет.

«РСК Банк» 22 жылдан бери ишенимдүү жана алыскы аймактардагы шартка ыңгайлашкан  банктардын бири. Ушунча жылдын ичинде 52 филиал, 39 стационардык сактык кассасы, 200гө жакын банкомат жана 500дөй  POS-терминалдар калктын кызматында иштеп, күн сайын өсүп-өнүгүп келе жатат.

РСК Банк ар дайым сиздер менен! РСК Банк Кыргызстандын бардык булуң-бурчундагы аймактарга дагы кызмат көрсөтөт.  

Ссылка: https://barometr.kg/rsk-bank-22-zhyldyk-tuulgan-knn-belgiledi



Добавить комментарий