Россиядан жарым миллион рублден турган гумжардам келди

25 августа 2020 15:06 1078 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын коомдук уюмдары дары-дармек, жеке коргонуу каражаттардан турган гуманитардык жардамын Кыргызстанга жөнөтүштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Коронавирус илдети менен күрөшкөн өлкөдөгү медициналык мекемелерге жардамды "Евразиялыктар — жаңы толкун" ("Евразийцы – новая волна") фонду, Ыктыярчылар борбору ассоциациясы жана  Жаштар иши боюнча федералдык агенттиги көрсөткөн.

Дары-дармектер, жеке коргонуу каражаттарынан (коргонуучу костюм, бир жолку пайдалануучу бет кап, респиратор ж.б.) турган гуманитардык жардам Ысык-Көл жана Чүй облусундагы аймактык ооруканаларга бөлүштүрүлгөн.

Берилген жардамдын жалпы баасы жарым миллион рублден ашат.

Россия коронавирус пандемиясы башталган алгачкы күндөрдөн тартып эле Кыргызстанга жардам берип келет. Февраль айында эле РФ чет өлкөлөрдөн биринчилерден болуп Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус инфекциясын аныктаган тест-системаларды жиберген. Ошондон бери Россия тараптан ПЦР-тесттер, реагенттер, СИД жана медициналык жабдуулар боюнча жардамдары туруктуу негизде келип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadan-zharym-million-lchmnd-gumzhardam-keldi



Добавить комментарий