Россиядан Кыргызстанга 7 бала кайтарылды
Поделиться в:
15-октябрда жашы жете элек кыргызстандыктардын укуктарын коргоо боюнча ишмердиктин алкагында Россиянын аймагында ата-энесинин багуусунан ажыраган 7 бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Россиядагы Кыргызстандын элчилиги Эмгек, социалдк камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте иш алып барды.
Кыргыз диаспорасынын активисттери балдарга кийим-кече жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды сатып беришти.
Жетим балдарды мекенине кайтаруунун 3-этабы 2021-жылдын соңуна чейин пландалды.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadan-kyrgyzstanga-7-bala-kajtaryldy
Добавить комментарий ×