Афганистан АКШны аскерлерин кескин түрдө чыгырып кеткени үчүн күнөөлөдү
АКШ аскерлерин Афганистандан кескин түрдө чыгырып кеткени үчүн өлкөдө жагдай курчуп кетти. Американын мындай аракетине афган президенти Ашраф Гани нааразы болду. Бул тууралуу Reuters булагы маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.
“Азыркы жагдайдын себеби-чечим тез кабыл алынганында болду”,-деп билдирди президент парламентке сүйлөп жатып. Ганинин айтымында, мунун кесепети кандай болорун ал америкалыктарга эскерткен.
Учурда Афганистандын түштүк бөлүгүндө өкмөттүк күчтөр “Талибан” кыймылынын чабуулдарын токтотууга аракет кылып жатат.
Жагдай АКШ менен НАТО өз аскерлерин алып чыгып жаткандыктан улам курчуп кетти.
Эскерте кетсек, АКШнын аскерлери Афганистанда 2001-жылдан бери турган. Бул арада Америка 2400 аскерин жана 1 триллион доллар жоготту.
Ссылка: https://barometr.kg/afganistan-askerlerin-keskin-trd-chygyryp-ketkeni-chn-akshny-knld
Добавить комментарий ×