Россия менен Кыргызстандын өз ара соодасы 1,9 миллиард долларды түздү

23 марта 2019 11:42 979 Barometr
Поделиться в:
ok

2018-жылы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 17 пайызга жогорулаган жана 1,9 миллиард долларга жеткен. Мындай маалыматты Россиянын экспорттук борбору жарыялады.

Соодадагы негизги үлүш Россия жана Кыргызстандан экспорт болуп эсептелет жана анын көлөмү 1,6 миллиард долларды түзгөн. Бир жылда экспорт 16,9 пайызга жогорулап, ал эми импорт 17,1 пайызга өскөн.

 “Акыркы эки жылда өсүүнүн тескери динамикасы оң жагына өзгөрдү жана биз эки тараптуу товар жүгүртүүдөгү ушундай темпти сактап калууга ниеттенип жатабыз”,-деп билдирди “Россиянын экспорттук борбору” акционердик коомунун башкы директору Андрей Слепнев.

Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгы айыл чарба өнөр жай товарлары, токой өнөр жай комплекстери жана метталл продукциялары багытында өнүгүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/rossiya-menen-kyrgyzstandyn-z-ara-soodasy-19-milliard-dollardy-tzd



Добавить комментарий