Россия Кыргызстанга 100 миңден ашуун ПЧР тест-система жиберди

14 июля 2020 09:32 1260 Barometr
Поделиться в:
ok

Россия Кыргызстанга ПЧР тест-системалардын топтомун жиберди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Россия Федерациясы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн алкагында Кыргызстанга гуманитардык жүк берди.

«Гуманитардык жардам катары COVID-19дун бар-жогун аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы берилди. Жалпысынан жардам иретинде 80 720 изилдөө үчүн 820 ПЧР тест-системасынын толук топтому, 24 000 изилдөөгө толук эмес 480 топтом келген», - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз өкмөтү Россия Федерациясына, ошондой эле Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматына көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус инфекциясы менен мындан аркы күрөшүүдө жемиштүү кызматташууга ишеним көрсөтөөрүн билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiya-federaciyasy-kyrgyzstanga-pchr-test-sistemalardyn-toptomun-berdi



Добавить комментарий